Бул тууралуу Европа Комиссиясынын жетекчиси Урсула фон дер Ляйен билдирди. Ушул айдын башында Европа Биримдигиндеги өлкөлөр коронавируска каршы вакцина даярдоого жана бул ооруну дарылоого байланыштуу изилдөө иштерин каржылоо боюнча онлайн жыйын курган. Анда акча чогултуу боюнча бир айлык марафон башталмак болгон.
Уюмдун лидерлери тараткан билдирүүдө чогултулган акча «окумуштуулар менен жөнгө салуучулардын, өндүрүш менен мамлекеттин, эл аралык уюмдардын, фонддор менен саламаттык сактоо тармагынын кесипкөй адистеринин мурда-кийин болуп көрбөгөндөй глобалдык кызматташтыгына өбөлгө түзөт» деп жазылган. Вакцина даярдалган күндө деле аны калктын калың катмарына жеткирүүгө, баанын жеткиликтүү болушуна да каражат керек болору белгиленген.
Ушул тушта дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө ондогон ири фармацевтикалык компаниялар жана изилдөө институттары вакцинанын үстүнөн иштеп жатышат.
Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп АКШ коронавируска каршы вакцинаны ушул жылдын аягына чейин алып калат деп бир канча жолу айткан. Бирок адистер вакцина бардык сыноодон өтүп, коомчулуктун калың катмарына жетиши үчүн бери дегенде бир жылдан 1,5 жылга чейинки убакыт керек экенин билдиришкен.