Октябрь райондук администрациясы дезинфекциялоо иштери үчүн жабылды

Бишкек шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Октябрь райондук администрациясы коронавируска каршы дезинфекциялоо иштери үчүн жабылды. Бул тууралуу «Азаттыка» аталган акимиаттын жетекчиси Максим Ситников билдирди.

Мунун алдында айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Октябрь райондук администрациясынын кызматкерлеринин биринен COVID-19 илдети табылганын, башка да жумушчулардан анализ алыш үчүн алар мекеменин имаратынан чыгарылбай жатканын жазышты.

Ситников акимиаттын кызматкеринен коронавирус чыкканы тууралуу маалыматы жок экенин айтты:

«Ушул тапта биз жөн гана дезинфекциялоо иштерин кылып жатабыз. Андан кийин гана тиешелүү мекемелер, Саламаттык сактоо министрлиги маалымат берет. Биз бүгүн кадимки тартипте иштедик. Эгерде зарыл болсо дезинфекциялоо иштери эртең да болот. Ал эми вирус чыккан-чыкпаганы тууралуу маалыматты тиешелүү мекемелер берет. Бизде азырынча андай маалымат жок».

Саламаттык сактоо министрлиги жана COVID-19 илдетине каршы штаб азырынча маалымат бере элек.

26-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1468 адамдан табылды, алардын ичинен 16 бейтап кайтыш болду, 1015 бейтап сакайып ооруканадан чыкты. (BTo)