Жапыкеевдин чакырыктары боюнча иш козголду

Сыймык Жапыкеев жана Кубанычбек Жумалиев. Иллюстрациялык коллаж сүрөт.

Ички иштер министрлиги «Чоң казат» кыймылынын мүчөсү Сыймык Жапыкеевдин Интернеттеги билдирүүлөрү жана чакырыктары боюнча сотко чейинки териштирүү башталганын кабарлады.

Ишти ИИМдин тергөө башкармалыгы жүргүзүп жатат. Маалыматка ылайык, анда активисттин билдирүүлөрү жөнүндө Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин арызы боюнча Жапыкеевдин соцтармактардагы билдирүүлөрүнө лингвистикалык экспертиза дайындалган. Анын корутундусуна ылайык, Сыймык Жапыкеевдин билдирүүлөрүндө массалык акцияларга, жарандарга карата зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар бар экени аныкталган.

ИИМдин маалыматында: «Сыймык Жапыкеевдин социалдык тармактардагы билдирүүлөрүндө Жазык кодексинин 264-беренесинин 3-бөлүмү («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыкка чакыруу, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакыруу») боюнча кылмыш белгилери бар экендиги аныкталган. Азыркы учурда сотко чейинки териштирүү боюнча кылмыш кылууга тиешеси бар бардык жарандарды тактоо жана аныктоо иштери жүрүп жатат», деп жазылган.

Жапыкеев жакында Кыргызстандагы бир нече саясатчынын атын атап, аларды күмөндүү жолдор менен байыганы үчүн айыптаган. Ал Кубанычбек Жумалиевди кескин сындап, анын мүлкүн текшерүүнү талап кылууга коомчулукту үндөгөн. Жумалиев «мамлекеттик кызматта иштеп турган учурда коррупциялык иштерге аралашкан эмесмин, байлыгымды адал жол менен тапкам» деген жооп кайтарып, Жапыкеевди сотко берген.

Бул боюнча соттук териштирүү 26-майда Бишкектеги Ленин райондук сотунда башталган. (ZKo)