Венеция кинофестивалы белгиленген мөөнөттө өтөт

Венеция кинофестивалы тарых-таржымалы кеңири, кино жаатындагы абройлуу иш-чаралардын бири.

Италиянын Венето аймагынын губернатору Лука Дзая коронавируска байланыштуу жагдай жөнгө салына баштагандыктан Венеция кинофестивалы буга чейин белгиленген мөөнөттө, 2-12-сентябрь күндөрү өтөрүн билдирди. Ал 24-майда белгилүү себептерден улам 77-фестивалдын алкагында көрсөтүлө турган тасмалардын саны мурдагыдан аз болорун айтты.

Венеция кинофестивалы тарых-таржымалы кеңири, кино жаатындагы абройлуу иш-чаралардын бири. Ушул жылдын башында бул жолу калыстар тобун австралиялык киножылдыз Кейт Бланшетт жетектей турганы белгилүү болгон. Буга чейин Канн фестивалы коронавирус пандемиясынын айынан болбой турганы айтылган.

Италия 3-июндан тартып өлкөгө келип-кеткендерди чектебей турганын, Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн саякатчыларына 14 күндүк карантин чарасы колдонулбастыгын маалымдаган.

Италияда коронавиурс 233 миңге чукул адамдан аныкталды, оорудан 33 миңдей бейтап көз жумду.