Некролог: Чолпонбаев парламенттик системанын калыптанышына зор салым кошкон

Мукар Чолпонбаев.

Мукар Чолпонбаевдин дүйнөдөн мезгилсиз кайтканына байланыштуу 25-майда президент Сооронбай Жээнбеков баштаган мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин атынан некролог жарыяланды. Анда Чолпонбаев дасыккан юрист катары Кыргызстандын эгемендигинин, мамлекеттүүлүгүнүн негизин түзгөн мыйзамдарды даярдоого, көз каранды эместик декларациясын жарыялоо жараянына жана эгемен Кыргызстандын алгачкы Конституциясын жазууга тажрыйбалуу укукчу катары түздөн-түз катышканы айтылды.

Некрологдо «Мукар Чолпонбаев кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралышына жана бекемделишине, өлкөнүн парламенттик системасынын, укуктук негизинин калыптанышына зор салым кошкон көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер катары анын ысымы Кыргызстандын тарыхында калат. Маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, кайгы азасын тең бөлүшөбүз. Көрүнүктүү инсан Чолпонбаев Мукар Шалтаковичтин жаркын элеси элибиздин, мекендештеринин, досторунун жана жакындарынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат» деп жазылды.

Мукар Чолпонбаев коронавирус илдетинен жабыркап, 24-майда жугуштуу илдеттер боюнча республикалык ооруканада көз жумду. Сөөгү 25-майда "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Мукар Чолпонбаев 1950-жылы 29-мартта Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунун Өрүктү айылында туулган. Прокуратура жана юстиция тармагында жетекчилик кызматтарда иштеген. Бир нече жолу Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

1995-1996-жылдары Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы болгон.

Мукар Чолпонбаев Кыргызстандын эмгек сиңирген юристи, Юстициянын 3-даражадагы мамлекеттик кеңешчиси наамынын ээси болгон.

Кыргызстанда коронавирус илдети аныкталган 1433 адамдын ичинен 16 киши каза болду, 992 бейтап айыгып кетти. (ZKo)