Батукаевдин иши: Аида Салянова менен Шамил Атаханов көрсөтмө берди

Аида Салянова, Алмазбек Атамбаев жана Шамил Атаханов.

Өткөн аптада Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу соттук иште экс-башкы прокурор Аида Салянова жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Шамил Атаханов көрсөтмө берди. Бул тууралуу «Азаттыкка» мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев билдирди:

«Шамил Атаханов буга чейин Алмазбек Шаршенович менен беттештирүүдө айткандарын тастыктады. Ал «Жаныш Бакиевди экстрадициялоо боюнча атайын операция өтмөк, анткени аны Кыргызстанга алып келүү зарыл болчу. Себеби, соттун өкүмү чыккан, ошол боюнча жоопко тартылышы керек эле. Ал өлкө үчүн маанилүү болчу» деп айтты. Ал эми Аида Салянова Азиз Батукаев өлкөдөн чыгып кеткенден кийин Алмазбек Шаршенович менен жолукканын билдирди. Ал «ошол кездеги президентке «бул боюнча иш козгойм» десем «иш козгойсуңбу, ал сенин ишиң» деп айткан» деди. Жыйынтыгында өзү эмес, УКМКнын тергөөчүсү иш козгоптур».

Жоошев андан тышкары Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) мурдагы башчысы, депутат Зарылбек Рысалиев да көрсөтмө бере баштаганын билдирди.

Былтыр мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов менен Алмазбек Атамбаевди беттештирүү протоколу Интернетке чыгып кеткен. Анда Атаханов Азиз Батукаевди бошотуп, анын ордуна Жаныш Бакиевди кайтарыш үчүн Чеченстан менен сүйлөшүү жүргөнүн, бирок ал ишке ашпай калганын айтып бергени жазылган.

Криминалдык төбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен.

Батукаевдин мыйзамсыз, мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча кылмыш ишин иликтөө 2019-жылдын январында кайра калыбына келтирилген. Иш сотко ошол жылдын октябрында өткөн. Бул иш боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 19 киши айыпталууда.

Алардын ичинен Алмазбек Атамбаевдин, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеванын, ЖАМКтын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевдин жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановдун иши сотко өткөн. Калгандарынын иши азырынча сотко өтө элек. (BTo)