Ооган президенти "Талибандын" ок атышпоо сунушун кубаттады

Президент Ашраф Гани. Кабул, 24-май, 2020-жыл

Президент Ашраф Гани. Кабул, 24-май, 2020-жыл

Ооганстандын президенти Ашраф Гани талиб туткундарын бошотуу процесси тездетилет деп убада берип, кыймылдын Орозо айтта үч күн ок атышпоо сунушун кубаттады.

"Жоопкерчиликтүү өкмөт катары биз алдыга карай дагы бир кадам таштап жатабыз", - деди Гани Орозо айтка арналган куттуктоосунда. Президент "Талибанды" алардын колунда кармалган коопсуздук күчтөрүнүн аскерлерин бошотууга чакырды.

Февралда АКШ жана "Талибан" өкүлдөрү тынчтык келишимине кол коюшкан. Тараптар талибдер америкалык аскерлерге жана өнөктөштөрүнө каршы кол салууну токтотот, АКШ ал үчүн контингентин чыгарып кетет деп макулдашкан. Документке ылайык, Кабул өкмөтү "Талибандын" 5 миң туткунун, ал эми кыймыл миң туткунду бошоткондон кийин оогандардын өз ара сүйлөшүүлөрү башталмакчы.

23-майда "Талибан" жекшембиде ок атышууну токтотуу режими башталарын жарыялаган. Көп узабай Гани өкмөттүк күчтөргө да ок атышпоонун шарттарын сактоо буйругун берди. Буга карабай Лагман провинциясында 24-майда чабуулдан төрт адам өлгөнү кабарланды. Кан төгүү үчүн эч ким жоопкерчиликти өзүнө алган жок.