Кыйратып салгансып, каадаланып сүйлөгөндөрдөн тажадым.
Убада берип, сөзүнө турбай, актангандардан тажадым.
Каратып туруп алдап, кызарбаган беттен тажадым.
Жөнөкөй маселени чече албаган акылдуулардан тажадым.
Мындай оюн билдирген жаштар бир аптадан бери социалдык тармактарда активдүү болуп жатышат. Бири Кыргызстанда тамыры жайылган коррупциядан тажашканын айтышса, башкасы сапатсыз жолдор жана тамтыгы чыккан көчөлөр сыяктуу социалдык маселелерди кеп кылышууда. Мындан тышкары жумушсуздук, алдамчылык жана кайдыгерлик сыяктуу ондогон көйгөйлөр башкы темага чыкты.
Флеш-моб жарандык активист Эсен Рысбековдун демилгеси менен өтүп жатат. Флеш-моб карапайым калктын көкөйүнө тийген көйгөйлөрдү бийликке жеткирүү максатын көздөйт. Рысбеков мындай иш-чара уюштуруунун зарылчылыгы Кыргызстанда жарыяланган өзгөчө абал жана карантин учурунда келип чыкканын айтты.
«Коронавирустун айынан эл карантинде үйдө отуруп калышпадыбы. Ошондо жаш активисттер чогулуп элге жардам берели деп чечтик. АКШда жүргөн мекендештерибиздин жана Кыргызстандагы ишкерлердин колдоосу менен 8 миллион сом чогулттук. Бул акчага 10 миңге чукул үй-бүлөгө жардам бердик. Ошондо Бишкектин четиндеги жаңы конуштардан эле 4-5 чарчы метр жерде 5-6 баласы менен жашаган жарды бүлөлөрдү кезиктирдик. Алар «ушундай көрүнүштөн тажадык, өзгөрүү болобу?» деп сурашат. Тажадык деген сөз ушул көрүнүштөн улам чыкты. Анын арты менен флеш-моб уюштуралы деген идея жаралды. Бул жөн гана флеш-моб. Биз өкмөт элди уксун деп жатабыз. Саясий упай топтоо максатын көздөгөн жокпуз».
Рысбеков флеш-мобдун арты менен шайлоого катышуу ниети болбогонун кошумчалады. Ал болгону элдин көйгөйүн жана өлкөдөгү терс көрүнүштөрдү коомчулукка байма-бай алып чыгууну чечкен. Рысбеков «бийликке нааразы маанайдагы пикирлерди ачык айтуу менен өлкөдөгү маселени чече алабыз» деп ишенет. Анын максаты - өкмөт менен элдин ортосундагы ажырымды жоюп, көпүрө түзүү.
«Тажадым» аттуу флеш-моб тамашоучу Урмат Борченовдун билдирүүсүнөн кийин өзгөчө кызыды. Анын видеосу бир күндө эле он миңдеген көрүүчү топтоп, миңдеген комментарийлер жазылды.
«Саясатка аралашайын деген планым азырынча жок. Бирок ар бир адамдын жарандык позициясы болушу керек. Айрыкча шоу чөйрөдө жүргөндөр активдүү болушу керек деп эсептейм. Анткени бизге окшогон өнөр адамдары шайлоодо курал болуп кала беришет. Мен буга каршымын. Мен көп жарнамалык роликтерге үн коштойм. Бирок бир да саясий партиянын жарнамасын окуп бербейм. Эгер мындай сунуштар болуп калса дароо баш тартам. Анткени «жалган сөздөр менин үнүм менен айтылбашы керек» деген принципти карманам».
Бирок акыркы айларда социалдык тармактарда «кечирим суроо» жүрүшү бир от алып кайра басаңдады. Анда оюн ачык билдирип, маселе көтөрүп же бийликти сындап чыккандар укук коргоо органдарынын кысымына кабылышты. Алардын айрымдары «жалган айтканым үчүн кечирим сурайм» деп кайра видео тартып кутулушту.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Алардын бири - Бектур аттуу үй-бүлөлүк дарыгер. Ал апрель айынын башында жетекчилиги берген сапатсыз беткаптын сүрөтүн «Твиттерге» жарыялаган. Бирок көп өтпөй анын бул платформадагы аккаунту өчүрүлүп, 12-апрелде Бектур «жалган айтып койгом» деп видео кайрылуу аркылуу кечирим сураган. Бул үчүн социалдык тармактын колдонуучулары жана айрым депутаттар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти (УКМК) айыпташкан эле.
УКМК мындай билдирүүлөрдү «...өзүнө жеңил пиар кылууга аракет» деп атаган.
Укук коргоочу Динара Ошурахунова «бийлик өз оюн ачык айткан активисттерди кодулабай, тескерисинче сүйлөшүүгө барышы керек» деп эсептейт.
«Мындай пикирлер айтыла берет. Ошондуктан бийлик алардын оозун жапкандын ордуна диалог түзүшү керек. Алар менен күрөшпөй, чогуу иштешиши керек. Айтылып жаткан маселеге көңүл буруп, реформага барышы керек. Алдыда парламенттик шайлоо келатат. Ошондо ушунун баарынын жыйынтыгы билинет».
Башкаруу академиясынын ректору, саясий серепчи Алмазбек Акматалиев коронавирус илдетинен улам Кыргызстанда жаралган жагдай өкмөттүн алсыздыгын көрсөттү дейт. Ушундан улам өкмөткө болгон элдин нааразычылыгы күч алып, жаштар арасындагы саясий кыймылдын түзүлүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш деген пикирде.
«Смартфонун же компьютерин алып чыгып алып эле «тажадым» деп айтып коюп жок болуп кеткен болбойт. Ошол күчтөрдү чагылдырган саясий күчтөр пайда болушу керек. Алардын кандайдыр бир реформанын тегерегиндеги программасы болушу керек. Саясий партия болобу же саясий кыймыл болобу, мыйзамдын чегинде реалдуу күрөшкө барышы керек деп эсептейм».
Өткөн жылы жарандык активисттер эки жолу «#REакция» деп аталган акция өткөрүшкөн. Анын катышуучулары бийликти сөз эркиндигин коргоого, коррупция менен күрөшүүгө чакырган.
Бишкектеги борбордук аянтка чогулган активисттер өз ойлорун айтып чыгышкан. Кийин алардын айрымдары коркутууга кабылганын айтышса, айрымдары президенттен кечирим сурашканга чейин барышкан.
"Youtube" порталында жана социалдык тармактарда он миңдеген көрүүчүнүн бүйүрүн кызыткан Сагын Сабыров митингде бажыдагы коррупция тууралуу журналисттик иликтөөлөрдө фактылар даана ачылганын, аны президент көрбөй жатканын айткан. Кийинчерээк ал "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу президенттен кечирим сураган пост жарыялаган. Сабыров өзү муну жакындарынын басымы менен жазганын айткан жайы бар.
Бийлик коррупция менен күрөш жүрүп жатканын жана ал уланарын кайталап келет. Бирок коомчулукта бийликтин коррупцияга каршы ишин сынга алып, ага ичи чыкпагандар бар.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.