Аба ырайы: Күн ысык болот

25-майда Кыргызстанда жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 29…34;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 22…27;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 28…33;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35;
Ысык-Көл облусунуда түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 23…28 градус ысык болот.

25-майда Бишкек шаарында күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы: түнкүсү 14…16°, күндүз 32…34° ысык болот.