Оренбург облусунан 413 кыргызстандык Бишкекке жеткирилди

Екатеринбург-Бишкек багыты боюнча келген чартердик рейс. 22-май, 2020-жыл.

Орусиянын Оренбург облусунда орус-казак чек арасында мекенине кетүүнү көздөп турган кыргызстандыктардын ичинен 413 адам 24-майда Бишкекке автобус менен келишти. Алар жолго 22-майда тогуз автобус менен чыгышкан. Айрымдары автоунааларын траллдарга жүктөп, кошо ала келишкени кабарланган.

Бул Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Казакстан мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстандын жарандарын ташып чыгуу үчүн Казакстандын аймагынан транзиттик коридор берүү тууралуу сүйлөшүүлөрүнүн алкагында ишке ашканын Тышкы иштер министрлиги маалымадады.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, Оренбургдан кайтып келгендердин баары тиешелүү талаптардын негизинде медициналык текшерүүлөрдөн өтүү үчүн обсервацияларга жайгаштырылат.

Оренбург облусундагы орус-казак чек арасына Орусиянын ар кайсы шаарынан автоунаа менен Кыргызстанга өтүүнү каалаган мигранттар чогулушкан. Кыргыз өкмөтү ушуну менен экинчи жолу Орусиядан Казакстан аркылуу жарандарын автобус менен алып келди. Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды мекенине кайтуу максаты менен Орусия-Казакстан чек арасы тарапка барбай турууга үндөдү. Министрлик жарандарды Орусия-Казакстан чек арасынын ачылышын жана аба каттамдарынын жанданышын күтүүгө чакырууда.

Коронавирус пандемиясы жарыялангандан бери кыргыз өкмөтү февраль айынан тартып чет мамлекеттерде мекенине келе албай жүргөн он миңден ашуун кыргызстандыктарды алып келди. Учурда дүйнөнүн элүүдөн ашуун өлкөсүндө сегиз миңге жакын адам Кыргызстанга кайта албай жүргөнү кабарланган.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 22-майга карата берген маалыматы боюнча чет жакта жүргөн кыргызстандыктардын арасында коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 154 адам болду. Штабдын маалыматына караганда, илдетке чалдыккандардын бири Индияда каза болгон. (ZKo)