УКМК: Прокурордун ага жардамчысы пара алып жаткан жеринен кармалды

150 миң сом пара менен кармоо учуру. (Сүрөт УКМКга таандык).

Жети-Өгүз районунун прокурорунун ага жардамчысы, 38 жаштагы К.А. 22-май күнү 150 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, ага жардамчы арыз ээсинин уулуна козголгон кылмыш иши боюнча жеңилдетилген чечим чыгарууга көмөктөшүү үчүн андан 2 миң доллар өлчөмүндө акча талап кылган жана акчаны алып жаткан жеринен кармалды.

Бул иш боюнча сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмү ("пара талап кылуу") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Кармалган адам УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.(ZKo)