ЖАМК: Арпачиевге карата мунапыс колдонулган эмес

Иллюстрациялык сүрөт.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Кылычбек Арпачиевдин жаза өтөөсү тууралуу маалымат берди. Анда Арпачиевге карата мунапыс колдонулбаганы, ал бүгүнкү күндө №45 жатак абагында жазасын өтөп жатканы, дагы 3 жыл 29 күнү бар экени айтылат.

Мекеме билдиргендей, жаңы жазык мыйзамдары ишке киргенде 2019-жылдын февраль айында Арпачиевдин иши кайра каралып, кылмышынын түрү «өзгөчө оордон» «оор» болуп өзгөртүлгөн жана 10 жылдык жаза берилген. Мындай чечим анын колониядан жатак абагына которулуу тууралуу арыз менен кайрылуусуна жол ачкандыктан 2019-жылдын 17-июлунда ЖАМКтын Атайын комиссиясынын чечими менен Арпачиев Чүйдүн Беловодское айылындагы №45 жатак абагына которулган.

Арпачиев 2015-жылы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун ишин жабыш үчүн андан 100 миң доллар пара талап кылган деген айып менен кармалган.

21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева башкы прокурорго «Арпачиевге карата «Коррупция» беренесин «Кызмат абалынан кыянат пайдаланган» деп өзгөртүп, мунапыс берип койдуңар» деп айткан. (RK)