Украина менен ЭВФ беш миллиард доллар насыя тууралуу макулдашты

Украина ЭВФтен насыя алуунун жолдорун тынбай сүйлөшүп келген.

Киев 21-майда Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) менен каржылоо программасы боюнча меморандумга кол койду. Ага ылайык, акчанын алгачкы бөлүгү ушул айдын аягына чейин берилмекчи.

Буга чейин Украина ЭВФтен 5,5 миллиард долларлык насыя алуунун жолдорун тынбай сүйлөшүп келген. Ал үчүн Киев өлкөдө бир катар реформаларды жүргүзүүгө милдеттенген. Бул талаптын алкагында банктар жана жер сатуу тууралуу мыйзамдар кызуу талаш-талкуу менен кабыл алынган.

Украин премьер-министри Денис Шмыгаль ЭВФтен келе турган 3,5 миллиард доллар дароо мамлекеттик бюджетке кошуларын билдирген.

ЭВФтин болжолуна ылайык, быйыл коронавирус пандемиясынан улам Украинанын экономикасы 7,7% чейин төмөндөшү мүмкүн.

Украинада коронавирусту 20 миңден ашык адам жугузуп алды, илдеттен жан бергендер 600 кишиге чукулдады.