Журналист Хашогжинин үй-бүлөсү аны өлтүргөндөрдү кечирди

Жамал Хашогжинин сөөгү эмгиче табыла элек.

Бул тууралуу саудиялык журналист Жамал Хашогжинин уулу Салах билдирди. Ал 22-майда «Твиттердеги» баракчасына «Ыйык орозо айындагы ырайымдуу түндө биз, Хашогжинин уулдары атабызды өлтүргөндөрдү кечиребиз» деп жазды.

«The Washington Post» басылмасы менен кызматташып келген журналист Жамал Хашогжи 2018-жылы октябрь айында Стамбулдагы Саудиянын консулдугунда өлтүрүлгөн. Ошол убактарда ал Эр-Рияддын саясатын кескин сындап жүргөн.

Сауд Арабиясы Хашогжи консулдукта өлтүрүлгөнүн бир нече жумадан кийин гана мойнуна алган. Анын сөөгү ушул күнгө чейин табыла элек. Түркия журналистти жок кылууга Эр-Рияддагы бийликтин жогорку эшелону буйрук бергенин билдирген, падышалык болсо аны четке каккан.

Былтыр жыл аягында Эр-Рияддагы прокуратура Хашогжинин Стамбулда өлтүрүлүшү боюнча беш киши өлүм жазасына кесилгенин билдирген. Анын алдында Сауд Арабиясынын ханзадаасы, тактынын мураскери Мухаммед ибн Салман Хашогжинин өлүмү үчүн жоопкерчилик сезерин айткан. Бирок ал кылмышка жогорку бийлик өкүлдөрү аралашкан деген дооматты четке кагып, Хашогжини өлтүрүү операциясы тууралуу кабарсыз болгонун айткан.

Эл аралык коомчулук Эр-Рияддан журналисттин өлүмүн ачык, калыс иликтөөнү талап кылып келатат.