Жамшитов: экс-депутат Осмоналиевдин бөгөт чарасын өзгөртүүгө негиз жок

Каныбек Осмоналиев.

21-майда парламент башкы прокурордун отчётун карап жаткан сессияда депутат Зиядин Жамалдинов камактагы экс-депутат Каныбек Осмоналиевдин бөгөт чарасын үй камагына алмаштырууну сунуш кылды. Жамалдинов Осмоналиев митингде модератор гана болгонун белгиледи.

Депутатка башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Осмоналиев боюнча тергөө жүрүп жатканын, материалдар боюнча анын бөгөт чарасын өзгөртүүгө негиз жок экенин айтты.

Парламенттин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев - 2-марттагы окуя боюнча Жазык кодексинин 309-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү») менен козголгон кылмыш ишинде башкы фигуранттардын бири. Учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында.

Осмоналиев 2-мартта Бишкекте камактагы мурдагы депутат Садыр Жапаровду колдоо боюнча митингди алып барган. Жапаровду бошотууну талап кылган митингдин соңунда чогулгандар менен милиция кагылышкан. Күч органдары митингдин катышуучуларын күч менен таратып, 170ке жакын адамды кармап, төртөө камакка алынган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 29-апрелде Осмоналиевдин жана аны менен бирге айыпталган мурдагы судья Анар Дубанбаеванын камактагы мөөнөтүн 3-июлга чейин узарткан. Каныбек Осмоналиев жана анын адвокаттары коюлган айып менен макул эмес.