Жалал-Абад облусуна караштуу айылдардын биринде айт күнү маркумдарга куран окуш үчүн үйлөрдү кыдырбоого чакырган чечим кабыл алынды. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы кабарлады.
Муфтияттын маалыматына караганда, Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл өкмөтүндө жергиликтүү бийлик дин кызматкерлери менен бирге көчмө жыйын өткөрдү. Анда той-аштагы, маркумду акыркы сапарга узатуудагы «ыксыз чыгымдар» тууралуу сөз болду.
Жыйынга райондун акими Бакыт Козуев, башкы имам-хатиб, айыл өкмөт башчысы, имамдар, айыл башчылар катышты.
Муфтияттын маалыматында: «Талкуу учурунда айт күнү куран окуш үчүн үйлөрдү кыдырбай, ата-эне жана бир туугандар менен бирге болуу, сөөктү жерге берүүдө мал сойбоо, аялдарга көк кийгизбөө, жыртыш жыртпоо маселелери каралды. Жыйынтыгында сунуштар колдоого алынып, айыл өкмөтү токтом чыгарды. Токтом чыгарылган күндөн баштап күчүнө кириши белгиленди. Айыл башчыларга, имамдарга көзөмөлдөө жагы милдеттендирилди» деп айтылат.
Дин башкармалыгы мындай жыйындар район аймагындагы бардык айыл өкмөттөрдө өтөрүн белгиледи.
24-майда Кыргызстанда Орозо айт майрамы болот.
Коронавируска байланыштуу карантин шартында бул майрам быйыл кандай белгиленери тууралуу суроого өкмөт муфтияттын чечимине жараша болорун билдирген.
Муфтият өз чечимин жарыялай элек.
18-мартта Кыргызстанда коронавирустун алгачкы учурлары катталган. Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өзгөчө абал жарыяланып, бардык мекеме-ишканалар менен катар мечиттер да убактылуу жабылган.
Адатта айт күнү Бишкектин Эски аянтында муфтий катышкан айт намаз окулат. Адамдар бири-бирин Орозо айынын жыйыныткалышы менен куттуктап, коноктошот. Жакында каза болгон адамдардын үйүнө барып куран окушат. (RK)