Бразилияда бир күндө коронавирустан 1179 киши кайтыш болду

Рио-де-Жанейро шаарындагы санитардык кызматкерлер, 14-май 2020-жыл.

Бразилияда 19-майда өпкөнү сезгенткен COVID-19 илдетинен 1179 киши кайтыш болду. Бул оору алгач катталгандан берки эң чоң көрсөткүч. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, коронавирустан көз жумгандар жалпысынан 17971 адамга жетти.

210 миллиондой калкы бар Бразилия коронавируска чалдыккандардын саны боюнча дүйнөдө АКШ менен Орусиядан кийинки үчүн орунга чыкты. Бул өлкөдө вирус жуккандар 271 миң кишиден ашты.

Бразилияда оппозициячыл күчтөр жана саламаттык сактоо тармагындагы адистер президент Жаир Болсанару илдеттин жайылышынын алдын алыш үчүн керектүү чара көрбөй жатканын сынга алышууда. Өткөн аптада өлкөнүн саламаттык сактоо министри Нелсон Тейч иштегенине бир ай болуп-боло электе эле кызматтан кеткен. Анын алдында өкмөт өкүлү Болсонарунун спорт жана сулуулук салондорун ачуу тууралуу жарлыгын ачык айыптаган. Нелсон Тейчке чейинки министр да Болсонару менен тил табышпаганы үчүн кызматынган баш тарткан.

Өткөн дем алышта Болсонарунун жүздөгөн тарапкерлери баш калаа Бразилиа менен Сан-Паулу шаарларында карантинге каршы акцияга чыгышкан.

Дүйнө жүзүндө өпкөнү сезгенткен ооруну жугузуп алгандар беш миллион адамга чукулдады. Илдет 323 миңден көп кишинин өмүрүн кыйды.