Ооганстанда эки мечиттеги кол салуудан кеминде 13 киши өлдү

Парван провинциясындагы мечит.

Ооганстандын Парван жана Хост провинцияларында белгисиз куралчан адамдар эки мечитке кол салып, андан кеминде 13 кишинин өмүрү кыйылды. Окуя 19-майдын кечинде орозо кармаган динчилдер ооз ачып жаткан учурда болгон. Парван провинциясындагы мечитте бери дегенде 10 адам мерт болуп, 16 киши жараат алды.

«Белгисиз адамдар ифтар маалында мечитте намаз окуп жаткан кишилерге ок атты», - деп билдирди Парвандын губернаторунун басма сөз өкүлү Вахида Шахар.

Ушундай эле окуя Хост провинциясындагы бир мечитте болуп, андан үч киши каза тапты. Аймактын губернаторунун басма сөз катчысы Талиб Мангал билдиргендей, жарадарлардын арасында жаш бала да бар.

Ооганстандын Ички иштер министрлиги Парвандагы кол салуу боюнча «Талибан» кыймылын айыптады. Бирок талибдер муну четке кагып, тескерисинче ооган күчтөрүн күнөөлөдү. Парван провинциясынын полиция башчысы Харун Мубариз Парван бул кол салууга «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун тиешеси болушу мүмкүн экенин «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна билдирди.

Хост провинциясындагы кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. Бир күн мурда Бириккен Улуттар Уюму Ооганстанда куралдуу чабуулдардан мерт болгон адамдар көбөйгөнүн билдирип, бардык тараптарды зордук-зомбулукту токтотууга чакырды.