Орозо айт Украинада мамлекеттик диний майрам макамын алат

Владимир Зеленскийдин Крым татарлары менен жолугушуусу, Киев. 18-май, 2020-жыл.

Курман айт менен Орозо айт Украинада мамлекеттик диний майрам макамын алат. Бул тууралуу жакында атайын жарлык чыгарууну көздөп жатканын өлкө президенти Владимир Зеленский дүйшөмбү күнү Крым татарларынын лидерлери менен жолугушууда билдирди.

Эгер мындай чечим кабыл алынса, Курман айт менен Орозо айт Украинадагы православдарга таандык эмес биринчи мамлекеттик диний майрам болуп калат. Азырынча мусулмандардын бул майрамдары Украинада эс алуу күнү болору белгисиз.

Крым татарлары менен жолугушууда Киевде чоң жаңы мечит куруу тууралуу да сөз болду. Президент Зеленский бул демилгени колдой турганын айтты.

18-май Украинада крым татарлары туш болгон депортациянын курмандыктарын эскерүү күнү катары белгиленип келет. 1944-жылы бул күнү Иосиф Сталиндин буйругу менен 400 миң ашуун крымдык татарлар Борбор Азияга күчтөп жөнөтүлгөн. Жолдо миңдеген адам өлүп, жеткенден кийин шарттын жоктугунан дагы үчтөн биринин өмүрү кыйылган. 2014-жылы Орусия Крымды аннексиялагандан бери крым татарларынын ондогон активисттери куугунтукка учурап келет.