Орозалиев: обсервацияда туура эмес маалыматтан улам түшүнбөстүк болгон

«Семетей» обсерватору.

Ички иштер министрин орун басары Алмаз Орозалиев парламенттин Социалдык маселелер жана билим берүү боюнча комитетинин жыйынында «Семетей» обсерваторундагы чыр жөнүндө маалымат берди.

«Жарандарга туура эмес маалымат тараган. Алар мурдагы күнү ооруканага алып кеткендер чыгарылып жатат деп ойлошкон. Алар түшүндү. Азыр документ чогултуп, чара көрүлөт», - деди Орозалиев.

Депутат Тазабек Икрамов обсервация эрежесин бузгандарга катаал чара көрүш керек экенин белгиледи.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Соль-Илецкиден келип, «Семетей» обсерваторунда жаткан жарандардын 18-майда кайталап алынган анализдери таза чыккандан кийин үй карантинине коё берилди.

7-майда Орусиянын Соль-Илецк аймагынан келген 541 жарандан экинчи ирет ПЧР анализ алынып, 421 кишиден коронавирус табылган жок. Алар эксперттик комиссиянын чечимин күтпөстөн чыр салышкан. 17-майда бул жайдан чыгарууну талап кылып, чуу чыгарган мигранттардын видеосу Интернетке тараган. Саламаттык сактоо министрлиги «Тез жардамдын» айдоочусунун тышкы коргоочу кийиминин «бир-эки жери айрылганын» маалымдаган.

7-майда Соль-Илецкиден Казакстан аркылуу автобус менен Бишкекке 541 кыргыз жараны жеткирилген. Ошондон бери алардын арасынан 98 кишиден коронавирус табылды. (TSh)