Нарынга ыктыярчы дарыгерлердин эки тобу жөнөтүлгөн

Дарыгерлер тобу.

16-17-май күндөрү медициналык адисттердин эки бригадасы кошчумча күч катары Нарын облусуна жөнөтүлгөн. Бул облуска жөнөтүлгөн бешинчи дарыгерлер тобу болуп калды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Эки бригададагы ыктыярчы дарыгерлердин тобунда анестезиолог-реаниматолог, акушер-гинеколог, эпидемиолог жана инфекционисттер бар. Ошондой эле 18-майда Жалал-Абаддын Чаткал районуна акушер-гинеколог, инфекционист жана реаниматологдор кирген топ жөнөп кетти. Саламаттык сактоо министрлиги медицина кызматкерлери жеке коргоонуучу каражаттар менен камсыз болгонун жана дарыгерлердин жумушчу сапары мамлекет тарабынан каржыланарын кабарлады.

Учурда министрликттин маалыматына караганда өлкө боюнча аймактарда 12 ыктыярдуу бригада иштеп жатат.

18-майда президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда вице-премьер-министр, Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын жетекчисинин орун басары Кубатбек Боронов Кыргызстанда коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу кооптуу, Нарын облусунда кырдаал оорураак экенин билдирген. (TSh)