Ош облусунда 33 өнөр жай ишканасы ишин жандандырды

Иллюстрациялык сүрөт.

21-майдан тартып бул тизмеге дагы 11 ишкана кошулат. Ал эми облус аймагындагы 48 базар жана 27 ресторан өзгөчө кырдаалга байланыштуу убактылуу жабык.

Облустук басма сөз кызматынын маалыматына караганда, өзгөчө абал алынгандан кийинки шартта коронавирус илдетинин жайылып кетишинин алдын алыш үчүн тийиштүү чара көрүлүүдө. Жол кыймыл коопсуздугуна көзөмөл кылуу кызматы Ош облусунун башка облустар менен чектешкен Өзгөн жана Ноокат райондорундагы эки постто күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатышат. Бул посттордо эки нөөмөт менен 89 кызматкер иштеп жатат.

Мындан тышкары кыргыз-кытай чек арасындагы «Эркечтам» бажы бекети иштеп жатканына байланыштуу жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары үчүн 76 орундуу обсервация даярдалган. Жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары ПЦР анализдерин тапшырып, текшерүүдөн өтүүдө.

Маалыматка ылайык, өкмөттүн облустагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев илдеттин жайылышынын алдын алыш үчүн тийиштүү жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берди. Жылкыбаев буга чейин көмүскө иштеп келген ишканаларды, ресторан-кафелерди, курулуш ишканаларын, таксисттерди тактап чыгууну талап кылды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 18-майга карата Ош облусунда жалпысынан 189 адам коронавирус жугузуп алганы аныкталган. (DU)