Ош: өзгөчө абал учурда эреже бузган 60ка жакын иш тергелип жатат

Ош шаары.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Малик Нурдинов өзгөчө абал режиминдеги коменданттык саат учурунда тартип бузган 55 иш боюнча тергөө жүрүп жатканын маалымдады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин сайтында жазылды.

Нурдиновдун айтымында, Ошто коронавирус илдетин жашырып жүрүп, башка жарандарга жугузган үч факт боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

“Коменданттык саат учурунда 37 жазык жана 18 жорук беренеси менен факт катталып, тергөө кызматына өткөрүлүп, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө. Коронавирус илдети тастыкталгандар менен байланышта болгодорду аныктоо боюнча иш жүргүзүлгөн. Иш-чаралардын натыйжасында бардыгы болуп 609 аныкталып, ПЦР анализдери алынып, алардын ичинен төрт адамдан коронавирус илдети аныкталган”, - деди Нурдинов.

Нурдинов өзгөчө абал учурунда Ош шаарынын, Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат райондорунун коменданты болгон.

Ош шаарында 25-марттан 30-апрелге чейин өзгөчө абал жарыяланып, кийин 10-майга чейин узартылган. 11-майдан тартып Ош шаарында өзгөчө абал алынып, карантиндик режим калтырылды. Шаардын аймагында сегиз карантиндик-санитардык пост, шаар ичинде 20дан ашык көчмө пост иштеп жатат. (TSh)