Өзбекстанда чөнтөк телефондон маалымат уурдаган вирус тарады

Иллюстрациялык сүрөт.

"Android Trojan Spy" деп аталган жаңы вирус чөнтөк телефондон маалымат уурдай турганы аныкталды. Бул тууралуу «Узкомназорат» - Өзбекстандын маалымат жана телекоммуникация тармагын көзөмөлдөөчү инспекциясы кабарлап, эскертти.

Мекеменин сайтында жазылгандай, аны вируска каршы иштеген "Eset" компаниясы аныктаган. Маалыматка ылайык, "Android Trojan Spy" вирусу COVID-19 темасына жашырылган.

«Программа коронавирус эпидемиясынын статистикасын көрсөтөт, бирок ошол эле учурда шылуундарга телефондогу камера, галерея, байланыш номерлер, жеке каттар сыяктуу башка тиркемелерге уруксат алууга шарт түзүп берет».

«Узкомназорат» мурдараак телефон пайдалануучуларды тиркеме жүктөөдө өтө көп мүмкүнчүлүктөргө уруксат талап кылган тиркемелерден баш тартууга чакырган. Мекеме шылуундар телефондогу маалыматтар аркылуу банк эсептеринен акча чыгарып алуусу ыктымалдыгын эскертүүдө.