Экс-спикер Мукар Чолпонбаевдин абалы оор

Мукар Чолпонбаев.

COVID-19 илдетин жуктуруп алып, ооруканага түшкөн Мукар Чолпонбаевдин абалы оор.

Республикалык жугуштуу оорулардын клиникасынын директору Гүлжигит Алиев "Азаттыкка" экс-спикер азыр жасалма дем алдыруу жабдуусуна туташтырылып, комада жатканын кабарлады. Анын жубайы да коронавирус менен ооруп, аталган клиникага жаткырылган.

"Жубайынын абалы жакшы, эки-үч күндө чыгарылат. Чолпонбаевге диагноз Президенттин иш башкармалыгы алдындагы атайын ооруканада коюлган, 5-майда Жугуштуу оорулардын клиникасына которулган. Пневмония болуп, дем алуусу кыйындап, реанимациялык бөлүмгө түшкөн", - деди Алиев.

Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө беш адам коронавирустун курч формасы менен жатат. Эң жашы 15теги өспүрүм. (BCh).