15-майда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов калаада иштеп жаткан тармактардын санитардык-гигиеналык нормаларынын сакталышын текшерип, эки курулуш компаниясынын бирден объектисиндеги ишти убактылуу токтотту.
Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына караганда Сарыбашов салык кызматын, карантиндик-санитардык постторду, автоунаа тетиктерин саткан базарды, азык-түлүк жана курулуш материалдарын саткан базарларды кыдырды.
Ош шаарында 11-майдан тартып өзгөчө абал алынганы менен карантиндик режим сакталуу бойдон турат. 11-майдан тартып бир катар мекеме-ишканаларга иштөөгө уруксат берилген. Шаар аймагында сегиз карантиндик-санитардык пост, шаар ичинде 20дан ашык көчмө пост иштеп жатат.
15-майга карата өлкө аймагында СOVID-19га чалдыккандар 1111 адамга жетти. Анын ичинен 182си Ош облусунда, 118и Ош шаарында. (DU)