Балтикадагы үч өлкө чек араларын ачты

Литванын, Латвиянын жана Эстониянын тышкы иштер министрлери. Рига, 15-май, 2020-жыл.

Литва, Латвия жана Эстония 15-майдан баштап өз жарандары жана туруктуу жашоого укугу бар чет өлкөлүктөр үчүн чек араларын ачышты. Ал эми башка өлкөлөрдөн келгендер 14 күн карантинде болушу керек. Бул - Европа Биримдигинин аймагындагы биринчи туристтик «коридор».

Чөлкөмдө өткөн айдын аягынан бери инфекция жуккандар азайганда пандемиядан улам кабыл алынган чектөөчү чаралар да жумшартылган. Балтика боюндагы бул үч өлкө коронавирус Европада жайыла баштаганда чек араларын тез эле жапкан.

14-майга карата бул өлкөлөрдө вирус жуккандар жети кишиден ашкан жок. Өлгөндөрдүн жалпы саны үчөөнү чогуу алганда 150дөн аз.

Литвада, Латвияда жана Эстонияда быйыл экономика 7-8% төмөндөшү күтүлүүдө.

«Чек араларды ачуу ишкерликти жандандыруу мүмкүнчүлүгүн берип, элге жашоо кадимки ыргакка кайтууда деген үмүт берет», - деди Литванын премьер-министри Саулюс Сквернелис жума күнү.

Ошол эле маалда Польша жана Финляндия демилгеге кошулууга чакыруу алганы менен, Балтика боюндагы бул үч өлкө менен чек араларын ачууга шашылган жок.