Бала бакчалар июндан тартып ишке кирери болжолдонууда

Иллюстрациялык сүрөт.

Бул жөнүндө бүгүн, 15-майда вице-премьер-министр Эркин Асрандиев пандемиянын кесепеттерин төмөндөтүү чараларын караган «Ата Мекен» фракциясынын отурумунда билдирди. Анын айтымында, бала бакчаларды жалпы билим берүү мекемелери менен кошо июнь айынан тартып ишке киргизүү пландалган.

«Биздин божомолдор боюнча июнь айында эпидемиологиялык кырдаал турукташып калса, бала бакчаларды, башка билим берүү мекемелерин июндан тартып ишке киргизүүнү божомолдогонбуз. Кырдаалды байкап көрөлү», - деди Асрандиев.

Депутат Сайдулла Нышанов 1-11-майдан тартып ишине кайткан ата-энелер балдарын калтыра турган адам таба албай, кыйналып жатышканын эскертти.

«Ата Мекен» фракциясынын 15-майдагы жыйынында COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин төмөндөтүү чаралары тууралуу маселе каралууда. Депутаттарга вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов, финансы министри Бактыгүл Жээнбаева жана башка өкмөт өкүлдөрү маалымат берип жатышат.

Фракция бүгүнкү отурумунда Кыргызстандын 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун да карайт. (ZKo)