Момбеков мамлекеттик органдардын бюджетин кыскартууну сындады

Рыскелди Момбеков.

14-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков мамлекеттик органдардын бюджетиндеги чыгымды кыскартуу боюнча маселеге токтолуп, спорт жана маданият тармагынын акчасы азайганын сындады. Депутат кайсы органдан канча пайыз каражат кыскартылганын тизмектеди.

«Жогорку Кеңештин бюджетинен 80 млн. кесипсиңер 10%, Башкы прокуратураныкын 15 млн. азайтыпсыңар 2,6%, финансы министри өзүнүн бюджетин 21 млн. сомго азайтыптыр 4,6%, президент менен өкмөттүн иш башкармалыгын 2,5 млн. сомго кыскартып, 0,4%. Анан эң кызыгы Маданият министрлигиникин 4,9 млн. сом алып салыпсыңар, спорт, туризмдикин жарымын алып салыпсыңар. Бизде Олимпиадага ким барат?» - деди депутат.

12-майда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында финансы министри Бактыгүл Жээнбаева министрликтердин чыгымынан жалпысынан 6 млрд. сомдой акча кемитилгенин билдирген. Жээнбаева бул сумма көбүнчө маданият, спорт тармагындагы иш-чаралардын өтпөй калганынан азайтылганын белгиледи. Бирок суммасын так айткан эмес.

Буга чейин министрликтердин жана мекемелердин, анын ичинде президенттин жана өкмөттүн аппараттарынын чыгымдарын жалпысынан 10,6 млрд. сомго азайтуу боюнча чечим кабыл алынган.

Коронавирустун жайылып кетишинин алдын алуу максатында Кыргызстанда 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизилген. 25-марттан тартып оору көп катталган айрым аймактарда өзгөчө абал жарыяланып, 11-майдан тартып кайра алынган. Өзгөчө кырдаал шартында карантин жарыяланып, көптөгөн ишканалар ишин токтоткон. Бул кырдаалдан мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 30 млрд. сомго азаяры мурда кабарланган. Ушундан улам өкмөт бюджеттин чыгаша бөлүгүн кыскартып, оптималдаштырууну сунуш кылган.

14-майда 2020-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүн өзгөртүү маселеси Жогорку Кеңеште каралып, өкмөттүн сунушу биринчи окууда жактырылды. 2020-жылдын мамлекеттик бюджетинин киреше бөлүгү 132,9 млрд. сом, чыгашасы 161.1 млрд. сом деп болжолдонуп жатат. (TSh)