Коронавирус туризмди толук токтотту

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматы боюнча быйылкы туристтик сезон 80%га төмөндөйт. Коронавирус пандемиясы маалында Бишкектеги туристтик агенттиктердин 17% жабылып калса, дагы 40% жабылуу коркунучунда турат. Ишмердүүлүгү толугу менен токтоп калган турфирмалар өкмөттөн жардам күтүп жатат. Алар аткаруу бийлиги банктар менен сүйлөшүп, ички туризмдин өнүгүшүнө шарт түзүп берсе дешет.