Жапониядан жана Корея Республикасынан 14-майда Бишкекке 43 кыргыз жараны кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, баары тең медициналык текшерүүдөн өткөрүш үчүн обсервацияга алынды.
15-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында коронавирустун айынан чек аралар жабылгандыктан мекенине кайта албай жаткан кыргыз жарандары тууралуу маселе кызуу талкууланган.
Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков дүйнөнүн 58 өлкөсүндө 9 миңге чукул кыргызстандык мекенине кайтууга жардам күтүп жатканын, май айынын ичинде Корея Республикасынан 35, Жапониядан 30 адамды алып келүү планы бар экенин айткан.
14-майда эртең менен Катардан жана Кувейттен 107 кыргыз жараны Бишкекке кайтты. (RK)