Түркстан облусунда жүздөгөн турак жайды суу каптады

Түркстан облусу. 14-май, 2020-жыл.

Казакстандын Түркстан облусунда жана Чымкентте шаршембиде жааган нөшөрдөн кийин кирген суу бир нече кыштакты каптап кетти. Жергиликтүү жашоочулар коопсуз жерге көчүрүлдү. Бир нече айылда көпүрөлөр урап калды. Түркстан облусунун акимиаты үч райондо жүздөгөн чарбаны суу каптаганын 14-майда билдирди.

Акимдин орун басары Сакен Калкаманов тоолуу райондордо 40 миллиметрден көп жаан жааганын, нөшөр токтобой жатканын бейшембиде «Фейсбукка» жазды.

Синоптиктердин божомолу боюнча Казакстандын тоолуу аймактарында алдыңкы эки күндө да жаан-чачын күтүлүп жатат. Кошуна өлкөдө дренаждык түйүндөрдүн бүтөлүп же бузулуп калганы, ирригациялык системанын жолго коюлбаганы сынга кабылып келет.