Парламент мамлекеттик бюджетти өзгөртүүгө киришти

Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда түзүлгөн өзгөчө кырдаал шартында 2020-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүн өзгөртүү маселеси Жогорку Кеңеште каралууда. Депутаттардын алдына вице-спикер Эркин Асрандиев, экономика министри Санжар Муканбетов, финансы министри Бактыгүл Жээнбаева жана башка өкмөт мүчөлөрү келишти.

Коронавирустун жайылып кетишинин алдын алуу максатында Кыргызстанда 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизилген. 25-марттан тартып оору көп катталган айрым аймактарда өзгөчө абал жарыяланып, 11-майдан тартып кайра алынган. Өзгөчө кырдаал шартында карантин жарыяланып, көптөгөн ишканалар ишин токтоткон. Бул экономиканын 80% чейин токтоп калышына себеп болгон.

Бул кырдаалдан мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 30 млрд. сомго азаяры мурда кабарланган. Ушундан улам өкмөт бюджеттин чыгаша бөлүгүн кыскартып, оптималдаштырууну сунуш кылган. (ZKo)