Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча агенттиги Кыргызстандык укук коргоочу Азимжан Аскаровду коронавирус шартында артыкчылык иретинде тез арада эркиндикке чыгарууга чакырды.
БУУнун Адам укуктары боюнча башкы комиссары Мишел Бачелет өлкө бийлигине кайрылуусунда «кыргыз бийлиги калыс соттук териштирүүнүн эл аралык стандарттарын сактоого бир нече жолу милдеттенме алган жана муну Азимжан Аскаровдун мисалында көрсөтсө болот» деп билдирди.
Башкы комиссар «акыр аягы калыстыкты калыбына келтирип, аны түрмөдөн бошотууга» үндөдү. Эгер соттук териштирүү кайрадан өткөрүлө турган болсо, анда ал жараян адилеттүүлүкк жана күнөөсүздүк презумпциясынын принциптерине гана негизделиши керек экенин белгиледи.
БУУ агенттигинин бул кайрылуусу 13-майда Аскаровго карата сот өкүмү Жогорку сотто күчүндө калтырылгандан кийин жарыяланды.
Кайрылууда «COVID-19 пандемиясы бардык өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга да кыйынчылык жаратууда жана өкмөт элди коргош үчүн чара көрүп жатат. Бирок Аскаров 68 жашта экенин, анын ден соолугу көптөн бери начар болуп жатканын эске алганда ал абактан бошотула тургандардын биринчи катарында болушу зарыл» деп жазылды.
Буга чейин АКШнын Мамлекеттик департаментинин Түштүк жана Борбор Азия боюнча бюросу "Твиттердеги" баракчасына: «Апелляциялык арыз берүү мүмкүнчүлүгү пайда болгондугуна байланыштуу президент Сооронбай Жээнбековдон анын (ред: Аскаровдун) улгайган жашына, ден соолугуна жана дүйнөдө жайылып жаткан COVID-19 илдетинин коркунучуна байланыштуу ырайым кылып, бошотууну суранабыз», деп жазды.
Европа Биримдигинин сырткы байланыш кызматы да Аскаровду улгайган жашына, ден соолугуна жана дүйнөдө жайылып жаткан COVID-19 илдетинин коркунучуна байланыштуу бошотууну кыргыз бийлигинен өтүнгөн билдирүү таратты.
Жалалабаддык укук коргоочу Аскаров 2010-жылдагы июнь окуялары үчүн айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Бардык соттук инстанциялар жана Жогорку сот 13-майда бул өкүмдү күчүндө калтырды. Ага жапырт башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан деген айып коюлган.
2010-жылдын 13-июнунда Базар-Коргондун Бишкек-Ош каттамынын 550-чакырымында мыйзамсыз жол тосулуп, ал жерде топтолгон эл куралсыз милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, он чактысы жеңил, ал эми милиционер Мыктыбек Сулайманов оор жараат алып, жаалданган адамдар кылмышын жаап-жашыруу максатында анын сөөгүн өрттөп жиберишкени кабарланган.
2016-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча мекемеси Аскаров камакта кыйноого кабылганын, медициналык жардам жана адилет сот менен камсыз болуу укугунан ажыраганын белгилеген. Кыргыз тарап бул дооматтарды четке каккан. (RK)