«Твиттер» компаниясынын кадрлар бөлүмүнүн башчысы Женнифер Кристи эгер кайсы бир кызматкерлер үйүнөн иштегенди өздөштүрсө, ага мындай иш ыргагын улантууга мүмкүнчүлүк берилерин билдирди. Муну менен «Твиттер» өз жумушчуларына туруктуу түрдө үйүнөн иштөөгө уруксат бергени жаткан алгачкы ири IT компания болуп калды.
Компания кеңселеринин көбү сентябрь айында ачыларын, бирок жумушка чыгып-чыкпоону кызматкерлер өздөрү чечерин кабарлады.
Дүйнөнү каптаган коронавирус пандемиясынан улам маалымат технологиялары тармагында иштеген көпчүлүк компаниялар аралыктан иштөөгө өткөнү белгилүү. Буга чейин «Фейсбук» компаниясы жана «Гуглду» башкарган «Alphabet Inc» холдинги да өз жумушчуларына жылдын аягына чейин үйдөн иштөөгө уруксат берген.