ИИМ: Кыргызстандын Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн эки кызматкеринен коронавирус чыкты

Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу Кыргызстандын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, Орусиядагы Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгүндө төрт кызматкер иштейт. Учурда анын экөө коронавирус илдетине чалдыгып, ооруканада жатат.

«Ачык эле айтайын, төрт кызматкердин экөө коронавирус илдети менен ооруп калды. Аларды дарылоо боюнча Орусиянын ички иштер министрине кат жазып, телефон менен сүйлөшкөм. Алар жардам берип жатышат», - деди Жунушалиев.

Министр кызматкерлери кандай шартта вирус жугузуп алганын айткан жок. Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматына ылайык, Кыргызстанда 22 милиция кызматкерине вирус жукту жана алар илдетке негизинен кызмат учурунда кабылган.

Орусияда соңку бир күндүн ичинде COVID-19 жуккан дагы 10 899 адам аныкталды. Ооруга чалдыккандардын саны 232 миңден ашты жана мындай көрсөткүч менен Орусия АКШдан кийинки эле экинчи өлкө болуп калды. Акыркы бир күндүн ичинде бул өлкөдө сөз болуп жаткан илдеттен 107 адам жан берди. Жалпысынан 43,5 миңдей киши айыкты. (TSh)