УКМК Осмоналиевдин сурагы тууралуу айтылгандарды төгүндөдү

Каныбек Осмоналиев.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети мурдагы депутат Каныбек Осмоналиевдин сурагы бир эле жолу өткөрүлдү деген билдирүүнү төгүнгө чыгарды.

Мекеменин 12-майдагы билдирүүсүндө сотко чейинки өндүрүштүн алкагындагы тергөө иштери уланып, Осмоналиевдин түздөн-түз катышуусу менен жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Ошондой эле маалыматта "Осмоналиев 2020-жылдын 2-мартындагы митингдин тынч өткөрүлүшүнө жана талаптагыдай аякташына жооптуу экенине карабастан, өз сөзүндө мамлекеттик башкарууга байланыштуу, ар кандай маселелерди козгоп, катышуучуларды агрессивдүү аракеттерге түртүп, кырдаалды курчутуу максатын көздөгөнү боюнча жетиштүү далилдер чогултулган" деп жазылган.

Парламенттин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев быйыл 2-марттагы окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 39 жана 309-беренеси (Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү) менен козголгон кылмыш ишинде башкы фигуранттардын бири. Учурда УКМКнын тергөө абагында.

Осмоналиев 2-мартта Бишкекте камактагы мурдагы депутат Садыр Жапаровду колдоо боюнча митингди алып барган.

Жапаровду бошотууну талап кылган митингдин соңунда чогулгандар менен милиция кагылышкан. Күч органдары митингдин катышуучуларын күч менен таратып, 170ке жакын адамды кармап, төртөө камакка алынган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 29-апрелде Осмоналиев жана аны менен бирге айыпталган мурдагы судья Анар Дубанбаеванын камактагы мөөнөтүн 3-июлга чейин узарткан.

Каныбек Осмоналиев жана анын адвокаттары коюлган айып менен макул эмес. (NT)