Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент комитети бүгүн өкмөттүн 2019-жылдагы ишин талкуулап жатат.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүү көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берди. Өкмөт башчынын айтымында, Ички дүң өнүмү 4,5% болду жана бул көрсөткүч 2016-жылдан бери өсүүдө.
Абылгазиев 2019-жылы 14 миң туруктуу жумуш орду түзүлгөнүн, тышкы инвестиция көлөмү былтыр 876 млн. долларга жетип, өсүш 2,9% болгонун айтты.
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш комитетинин жыйыны
Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын жетекчиси Алтынбек Сулайманов өкмөттүн ишиндеги кемчиликтерди айтып, экономика тармагына көңүл бурууга чакырды.
Учурда жыйын “суроо-жооп” форматында уланууда. (RK)