Жогорку сот: судьянын айткандары чындыкка дал келбейт

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Жогорку соту район аралык соттордун жоюлушу тууралуу түшүндүрмө берди. Мекеменин маалыматында судья Чолпон Досмамбетованын «Бишкектин район аралык соту жоюлганын бүгүн эле билдим» дегени жалган экени айтылат. Жогорку сот Аскаровдун өкүлдөрүнө 8-майда күчүнө кирген мыйзам тууралуу түшүндүрмө берилгенин, район аралык соттор административдик сот болуп кайра түзүлөрүн билдирди.

30-апрелде Жогорку соттун сайтына жайгаштырылган маалыматка караганда, президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон бир катар мыйзамдардагы өзгөрүүлөргө байланыштуу буга чейин район аралык соттор тарабынан каралып келген экономикалык иштер эми райондук сотторго берилет.

Ошондой эле мыйзамдагы өзгөрүүлөр «сот тутумунун ишин оптималдаштырууга багытталып, соттук иштерди жаңыдан соттук кароого негизсиз кайтаруу практикасын жоюуну, ошондой эле сот аткаруучулардын аракетине карата арыздарды кароонун тартибин жөнөкөйлөтүп жана бир катар башка өзгөртүүлөрдү камтыган» деп айтылат.

Ушундай өзгөрүүлөргө байланыштуу укук коргоочу Азимжан Аскаровдун 11-майга белгиленген кыргыз өкмөтүнө карата административдик арызы боюнча сот отуруму болбой калды. Аскаровдун тарапкерлери эртерээк маалымдап койбогону үчүн сотко нааразы болушту. Ишти карай турган район аралык соттун судьясы Чолпон Досмамбетова жарлык тууралуу өзү да бүгүн жумушка келгенден кийин билгенин айтты.

Маалыматка караганда, Аскаровдун иши качан каралары административдик соттордун судьяларын жакын арада президент бекиткенден кийин белгилүү болот.

2010-жылдын июнь окуясында массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаров «Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин сунуштарын, эл аралык милдеттенмелерин аткарбай жатат» деп кыргыз өкмөтүнө каршы Бишкектин район аралык сотуна даттанган. (NT)