Азимжан Аскаровдун арызы качан каралары белгисиз

Азимжан Аскаров соттук териштирүүлөрдүн биринде. Январь, 2017-жыл.

Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кыргыз өкмөтүнө карата Бишкектин район аралык сотуна жазган доо арызын кароо бүгүн, 11-майга белгиленип, бирок каралбай калды. Ишти карай турган судья Чолпон Досмамбетова териштирүүгө келгендерге район аралык сот президенттин 8-майдагы жарлыгы менен жоюлуп кеткенин маалымдады. Ал жарлык тууралуу өзү да бүгүн жумушка келгенден кийин билгенин айтты.

Анын билдирүүсүндө, район аралык соттун ордуна административдик сот түзүлөт деген чечим чыккан, эми президент анын судьяларын дайындашы керек.

Укук коргоочу Азимжан Аскаров «Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин сунуштарын, эл аралык милдеттенмелерин аткарбай жатат» деп кыргыз өкмөтүнө каршы Бишкектин район аралык сотуна арыз жазган. Сот адвокаттарга иш 11-майда караларын жарыялаган.

2016-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров камакта кыйноого кабылганын, медициналык жардам жана адилет сот менен камсыз болуу укугунан ажыраганын белгилеген.

Аскаровдун кассациялык арызы да Жогорку сотто 25-февралдан бери каралып жатат. Жогорку сот келерки отурумду 13-майга белгилеген.

69 жаштагы укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылы июнь окуясында массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган.

Кармалганга чейин Аскаров Базар-Коргон районунда жана Жалал-Абад шаарында милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз жоруктарын ачыкка чыгарган.

Эл аралык коомчулук кыргыз бийлигин укук коргоочунун ишин кайра карап, Аскаровду эркиндикке чыгарууга чакырууда. (NT)