Кыргыз өкмөтү айрым тармактардын ишин жандантууга уруксат берди. Жекшембиде Республикалык ыкчам штабдын жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүнүн маанилүү этабы келгенин билдирди.
11-майдан баштап төмөнкү багыттагы экономикалык ишмердүүлүккө уруксат берилет:
1. Финансылык жана башка кызмат көрсөтүү чөйрөсүнөн:
- микрофинансылык уюмдар;
- камсыздандыруу компаниялары;
- күрөөкана;
- акча алмаштыруу пункттары;
- кыймылсыз мүлк боюнча агенттиктер;
- туристтик агенттиктер;
- адвокаттык кызматтар;
- басма кызматтары.
2. Калкты тейлөө кызматтарынан:
- сантехникалык, электромонтаждык жана жыгач устачылык иштер;
- тиричилик техникаларын, машиналарды, аппараттарды жана шаймандарды оңдоочулар;
- химиялык тазалоо.
3. Соода чөйрөсүнөн:
- курулуш материалдарынын дүкөндөрү жана базарлары;
- автотетик, велотетик, комплекттөөчү тетиктер, май жана автомобиль сырларын сатуу базарлары;
- тигүү жана булгаары иштетүү тармактары үчүн кездемелерди, фурнитураларды жана башка буюмдарды сатуу базарлары;
- автосалондор – авторыноктордон сырткары.
4. Жалпыга маалымдоо каражаттары.
Коомдук транспорттордун иштешине уруксат берилбейт.
Эпидемиологиялык кырдаалга жараша мамлекеттик органдарда ишке чектелген сандагы кызматкерлер чыгат. (SE)