10-май айрым мамлекеттик мекеме-уюмдарга жумуш күнү деп белгиленди

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

Коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө, экономикалык багыттагы иштерди жүзөгө ашыруу чараларын ыкчам кабыл алуу максатында 10-май - айрым мамлекеттик мекеме-уюмдарга жумуш күнү деп белгиленди. Бул күн жекшембиге туш келет.

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгону 9-майда расмий кабарланды.

Маалыматта кайсыл мекемелер ишке чыга турганы так көрсөтүлгөн эмес. Бирок буйрук "Аскер кызматчыларынын макамы жөнүндө", "Ички иштер органдарында кызмат өтөө жөнүндө" мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Конституциялык мыйзамына ылайык кабыл алынганы белгиленген.

Кыргызстанда коронавирус аныкталган 18-марттан бери бул илдет 931 адамдан табылды, алардын ичинен 12 бейтап кайтыш болду, 658 бейтап айыгып чыкты.

Пандемия шартында экономикалык оор кырдаалды жеңип чыгуу үчүн кыргыз өкмөтү Эл аралык Валюта Фонду, Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү, Европа өнүктүрүү банктары жана башка бир катар эл аралык каржы уюмдарынан 456 млн. доллар алууну сүйлөшкөн. (SE)