БУУнун баяндамачысы: Азимжан Аскаров бошотулушу керек

Азимжан Аскаров сотто.

Кыргызстан дүйнөлүк коомчулук алдында өзүнө алган милдеттерин аткарып, укук коргоочу Азимжан Аскаровду бошотууга тийиш. Мындай мазмундагы кайрылууну Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) атайын баяндамачысы Мэри Лолор билдиргени тууралуу «Бир дүйнө - Кыргызстан» уюму кабарлады.

Кайрылууда БУУнун укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин токтотууга байланышкан көптөгөн кайрылууларын кыргыз бийлиги кулак сыртынан кетирип жатканы белгиленген.

«2016-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров атайын кармалып, кыйноого кабылганын, калыс соттук териштирүү укугунан ажыратылганын аныктаган. Комитет Аскаровго карата чыгарылган сот өкүмүн жокко чыгарууга чакырган» деп айтылат кайрылууда. Ошондой эле анда Азимжан Аскаровдун сот иши калыстык менен каралып, токтоосуз түрдө эркиндикке чыгарылууга тийиш деген талап коюлган. «Муну менен Кыргызстан адам укуктарын, укук коргоочулардын жана улуттук азчылыктардын укугун коргоого даяр экенин көрсөтүшү керек» деп белгилеген баяндамачы.

69 жаштагы укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылы июнь окуясы үчүн айыпталып, кармалып, камакка алынган. Ал коогалаңды уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган.

Учурда Аскаровдун кассациялык арызы Жогорку сотто каралууда. Алдыдагы отурум 13-майга белгиленген.

Кармалганга чейин Азимжан Аскаров Базар-Коргон районунда жана Жалал-Абад шаарында милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз жоруктарын ачыкка чыгарып келген. (ZKo)