Министрлик: COVID-19 жуккан балдардын өмүрүнө коркунуч жок

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканада дарыланып жаткан балдардын арасында оор абалда жаткандары жок. Бул тууралуу 8-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди:

«Инфекциялык клиникалык ооруканада 32 бала дарыланууда. Оорусу жеңил клиникалык түрдө өтүп жатат. Оор абалда жаткандары жок. Андыктан балдардын ден соолугуна коркунуч жок. Энени жана баланы коргоо борборунда коронавирус жуккан балдар да ошол жакка которулган».

Жалпысынан 8-майга карата Кыргызстанда коронавирус 906 адамдан табылды, алардын ичинен 12 бейтап кайтыш болду, 650 бейтап айыгып чыкты.

Балдар ооруканасында бейтаптардан, энелерден жана кызматкерлерден COVID-19 табылган. (RK)