Министрлик: Кыргызстанда Кавасаки синдромуна чалдыккандар жок, бирок көзөмөл күчөтүлдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда Европанын бир катар өлкөлөрүндө катталып жаткан Кавасаки синдромуна чалдыккандар жок. Бул тууралуу 8-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди:

«Кийинки убакта дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө бул синдромго чалдыккандар көп чыга баштады. Текшергенде ал балдардын арасынан коронавирус инфекциясы аныкталууда. Бул кан тамырлардын оор жабыркоосу, андыктан, вирустук инфекция оорлоп, Кавасаки синдрому даана байкала баштайт. Кытайда мындай болгон эмес. Европада кооптонуу бар. Кыргызстанда Кавасаки синдрому катталган жок, кооптонуу боло элек. Бирок биздин дарыгерлер да өтө кылдат көзөмөл салууда».

Денеси ысыганы көпкө кетпей, буту-колду шишиткен Кавасаки синдрому толук изилденип бүтө элек. Ага негизинен 1-5 жаштагы наристелер чалдыгары белгилүү.

Соңку үч аптадан бери бул илдет АКШнын жана Европа мамлекеттеринин ондогон балдарынан табылды. Анын белгилери COVID-19га окшош экени айтылууда. Учурда эки оорунун бири-бири менен байланыш ыктымалдыгын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун адистери изилдеп жатышат.

Кыргызстанда коронавирус жуккандарын саны 1 миң кишиге чамалады, алардын арасында бирге толо элек ымыркайлардан баштап өспүрүмдөргө чейин адамдар бар экени расмий айтылган. (RK)