RSF Киевди журналисттерди коргоого чакырды

Украиналык журналисттер.

Бейшембиде «Чек арасыз кабарчылар» (RSF) уюму украин бийлигин журналисттерге зомбулук көрсөткөндөрдү мыйзам чегинде жоопко тартууга чакырды.

Маалымат каражаттарынын эркиндигине көз салган уюм Украинада 20-мартта өзгөчө кырдаал жарыялангандан бери журналисттерге карата көптөгөн коркутуу фактылары жана орой мамиле болгонун билдирди.

Маселен, 29-апрелде «Громадске» онлайн-телеканалынын журналисти Богдан Кутепов өкмөттүк штабдын жанындагы каршылык акциясын чагылдырып жатканда орой мамилеге туш болгон. Түз эфир учурунда жетип келген полиция эгер кетип калбаса камерасын сындырарын айтып, журналистти түртүп, жерге жыккан. «Чек арасыз кабарчылар» мыйзамсыз ишке полиция өкүлү аралашканын ырастайт.

«Украин журналисттери жабыркап жаткан зомбулук толкунуна полициянын да кошулганы жосунсуз жорук», - дейт «Чек арасыз кабарчылардын» Чыгыш Европа жана Борбор Азия бюросунун жетекчиси Жейн Кавелье.

1-майдын кечинде да Харьковдоги адамдар өз милдетин аткарып жүргөн эркин журналист Никита Кнышкага кол салышкан.

Украина RSF түзгөн басма сөз эркиндигинин рейтингинде 2020-жылы 180 өлкөнүн ичинен 96-орунду ээледи.