Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелиги ачылды

Чолпонбай Түлөбердиевдин жаңы эстелиги. 7-май, 2020-жыл.

Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелиги жана баатырдын ысмы берилген жаңы парктын ачылышы бүгүн, 7-майда болду. Эстеликтин ачылышына мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков катышты. Президент Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөп, мекен үчүн канын төккөн ата-бабалардын эрдигин унутпай, кийинки муунга өткөрүп берүү - парз экенин белгиледи. Мамлекет башчы ошондой эле бүгүнкү ачык асман алдында, тынчтык жашоодо жашап жатканы үчүн азыркы муун согуштун катышуучуларынын жана ардагерлеринин алдында милдеттүү экенин эскертти.

Президент өз сөзүндө Жеңиш күнү миллиондогон адамдардын каны менен келген улуу майрам экенин айтты.

Чолпонбай Түлөбердиев согушка 1941-жылы, 19 жаш курагында кирген. 1942-жылы 6-августта Воронеж облусунда фашисттердин ДЗОТун көкүрөгү менен тосуп, эрдик менен курман болгон.

1943-жылы 4-февралда Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.

1941-1945-жылдардагы Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 365 миң адам катышкан. Алардын басымдуу бөлүгү согушта курман болгон. 150 миңден ашуун кыргызстандыктар фашизмге каршы күрөштө көрсөткөн эрдиктери үчүн түрдүү сыйлыктарга ээ болушкан. (ZKo)