Орусия коронавирус эң көп катталган беш өлкөгө кошулду

Иллюстрациялык сүрөт.

Акыркы суткада Орусияда 11 миңден ашуун адамга коронавирус жугуп, бул илдеттен жабыркагандар 177 миңден ашты. Муну менен Орусия 7-майда коронавирус эң көп таралган өлкөлөрдүн бешинчи сабына чыкты.

COVID-19 илдетинен эң катуу АКШ жабыркап, 1 миллион 263 миң адам жаңы вирусту жугузган.

Андан кийин Испания (253 миң), Италия (214 миң) жана төртүнчү сапта Британия (201 миң) бар.

Орусияда COVID-19 илдетинен көз жумгандар 1625 адам деп расмий эсептелүүдө. Бул жогорудагы өлкөлөргө караганда бир канча эсе аз көрсөткүч. Ошентсе да эркин адистер бул төмөндөтүлгөн статистика экенин белгилеп жатышат.