Министрлик: Чаткалда коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал курчуп жатат

Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал курчуп жатат. Бул тууралуу 7-майда онлайн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди:

«Ал жак жабык турган, алыскы район. Бир тажия болуп, ошол жерге адамдар барган, Бишкектен да барыптыр. Коронавирус менен ооругандардын барып калышы элдин арасында инфекцияны жайылткан. Бир себепке байланыштуу 13 учур катталды. Бүгүн ошол жакка баргандардын, катышкандардын баарынын аты-жөнүн, жашаган жерин тактап чыгып, көзөмөлгө алып жатабыз».

Бүгүнкү күнгө карата Жалал-Абад облусунда коронавирус 132 адамдан табылды.

Жалпысынан 7-майга карата Кыргызстанда коронавирус 895 адамдан табылды, алардын ичинен 12 бейтап кайтыш болду, 637 бейтап айыгып чыкты. (RK)