Коронавирус дагы 24 адамдан табылды, көбү Нарын облусунда (видео)

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 24 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 7-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Үсөнбаевдин айтымында, алардын эң көбү Нарын облусунда - 12 адам.

Бишкекте эки, Чуй облусунда төрт, Ош облусунда үч, Жалал-Абад облусунда үч адам катталган.

Бир суткада 23 бейтап айыгып чыкты.

Жалпысынан 7-майга карата Кыргызстанда коронавирус 895 адамдан табылды, алардын ичинен 12 бейтап кайтыш болду, 637 бейтап айыгып чыкты.

895 адамдын 224ү медицина кызматкери, алардын 161и айыкты.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстанда Коопсуздук кеңешинин чечими менен Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ат-Башы районунда 10-майга чейин өзгөчө абал, ал эми калган аймактарда өзгөчө кырдаал режими калтырылган. (RK)